Жалал-Абадда террордук ячейка түзүү үчүн келген чет элдик жаран кармалды

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адамдар. Архив
Кол кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү өз өлкөсүндө оор кылмыштарды жасаганы үчүн издөөгө алынган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда террордук ячейка түзүүнү пландап жүргөн 30 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, шектүү Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин жараны болуп эсептелет. Ал өз жеринде террордук багыттагы жана башка оор кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүрөт.

"Шектүү Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз негизде кесип өтүп, террордук ячейка түзүүнү пландап жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү менен байланышы бар тараптарды аныктоо үчүн комплекстүү иш-чаралар аткарылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0