Бишкекте каналдын жанынан ымыркайдын өлүгү табылды. Энеси изделүүдө

Жазылуу

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Борбор калаада Абдрахманов көчөсүндө, Чоң Чүй каналынын төмөн жагынан өлүү табылган наристенин энеси изделүүдө. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Случаи насилия над женщинами - Sputnik Кыргызстан
Күйөөсү аялын уруп, ортодо таяк жеген наристе көз жумду. Көлдөгү кайгылуу окуя
Ымыркайдын сөөгү мындан бир нече күн мурда, тагыраагы, 3-февралда табылган. Учурда баланын жашы жана эмнеден чарчап калгандыгын аныктоо боюнча атайын экспертиза дайындалды.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, бала болжол менен бир жашта. Факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталган. Тартип коргоо кызматкерлери бөбөктүн энеси изделип жаткандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0