Базар-Коргондо күйүк алган 21 жаштагы жигит көз жумду. Эки өспүрүм ооруканада

© Sputnik / Светлана ФедотоваОоруканадагы күйүк бөлүмү. Архив
Ооруканадагы күйүк бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча өрт бензиндин жанында отту этиятсыздык менен колдонгондуктан чыккан.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Базар-Коргон райондук ооруканада 6-февраль күнү 21 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

"Бала 5-февраль күнү катуу күйүк алып ооруканага түшкөн. Аны менен кошо Чарбак айылында коңшу жашаган 14 жана 15 жаштагы балдар дагы жабыркаган. 21 жаштагы баланын абалы начар болчу, ал бүгүн саат 04.00дө көз жумду. Өспүрүмдөрдүн биринин бети, колу күйсө, экинчисиники буту жабыркаган", — дешти милициядан.

Өрт жабыркагандардын биринин үйүнүн короосундагы контейнерден чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт бензиндин жанында отту этиятсыздык менен колдонгондуктан чыккан.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0