ШИИБ: Бишкекте чет элдиктерди карактап жүргөн топ адамдар кармалды

© Sputnik / Александр КряжевКамакка алынган киши. Архивдик сүрөт
Камакка алынган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз төрт киши чет элдик жарандарга тапанча такап жанындагы акчасын, уюлдук аппараттарын алып коюшкан.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жарандарды коркутуу жолу менен карактап жүргөн топ адамдар кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека Бишкекте чет элдик жарандарды коркутуу жолу менен карактап жүргөн топ адамдар кармалды
ШИИБ: Бишкекте чет элдиктерди карактап жүргөн топ адамдар кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте чет элдик жарандарды коркутуу жолу менен карактап жүргөн топ адамдар кармалды

Билдирмеге караганда, белгисиз төрт адам 4-февраль күнү Тыныстанов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде чет элдик жаранды тапанча менен коркутуп, күч колдонуп 13 миң сомун жана 20 миң сомдук уюлдук аппаратын тартып алышкан.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада полиция кармап кеткен 9 кыргызстандык кое берилди. Чоо-жайы
Аталган факты Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча иш козголгон.

Натыйжада Криминалдык милициянын кызматкерлери 19 жана 18 жаштагы төрт шектүүнү кармады. Алардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, 18 жаштагысы соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

"Тергөө учурунда кармалгандар башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталды. Үстүбүздөгү жылдын 18-январында акча алмаштыруучу жайдан чыккан чет элдик кишиге тапанча такап 2200 долларын жана 2500 сомун алып коюшкан. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты дагы Эреже бузуулар жана жоруктар реестрине каттоого алынган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0