Көмүр ташып келе жаткан КамАЗ Боом капчыгайынан оодарылып калды. Сүрөт

© Sputnik / В. Журавлев / Медиабанкка өтүүСеверная трасса
Северная трасса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда инспекторлор башка автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн чара көрүп жатат. Оор жүк ташыган машина жолдон алына элек.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Боом капчыгайында көмүр ташып келе жаткан КамАЗ оодарылып калганын Чүй ОИИББдин маалымат катчысы Тимурлан Мирсадык уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Фото / Пресс-служба УОБДД Чуйской областиДТП с участием КамАЗ в Боомском ущелье
Көмүр ташып келе жаткан КамАЗ Боом капчыгайынан оодарылып калды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ДТП с участием КамАЗ в Боомском ущелье

"Жол кырсыгы 6-февралда саат 4:00дөр чамасында Кыз-Күйөө айылынын аймагында катталган. Бишкекти көздөй келе жатып, айдоочу рулду башкара албай жол тосмосуна урунуп, унаа оодарылып калган. Жолго көмүр төгүлгөн. Эч ким жабыркаган эмес", — деди Мирсадык уулу.

Маалымат катчынын айтымында, кырсык болгон жерде ОИИББдин кызматкерлери башка автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн чара көрүп жатат. Оор жүк ташыган автоунаа жолдон алына элек, учурда тийиштүү техниканын келүүсү күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0