Эки ирет түшкөн кар көчкү Matiz унаасын басып калды. Чоң-Алайдагы окуя

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия лавины на участке дороги Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык
Последствия лавины на участке дороги Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчкү 5-февраль күнү саат 18:40та жана 19:34тө түшкөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош облусунунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунда эки ирет кар көчкү түшүп, натыйжада Daewoo Matiz унаасын басып калган. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Ашуудагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдагы кар күрткүдөн 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калды
Маалыматка ылайык, окуя 5-февраль күнү саат 18:40та жана 19:34тө болгон.

Жерине ӨКМдин кызматкерлери жана карды тазалоо үчүн тиешелүү техника тартылган.

Унаанын ичиндеги эки адам куткарылып, учурда абалы туруктуу экендиги айтылат. Алар өз машинасы менен жолун улантышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0