Сапар Исаковдун ишин эми Башкы прокуратура карайт

Жазылуу
Мурдагы өкмөт башчы өлкө казынасына 111 миллион доллар жана 101 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Сапар Исаковдун ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча ишин УКМК Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу мурдагы премьер-министрдин адвокаты Нурбек Токтакунов Facebook баракчасына жазды. 

Адвокаттын айтымында, эми прокуратура беш күндүн ичинде корутунду чыгарып, ишти сотко берет.

“Андан кийин 10 күндүн ичинде сот алдын ала отурум өткөрөт. Бул менин божомолумда 20-февралда болот”, — деп жазган Токтакунов.

Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы да тастыктап, иш менен таанышуу үчүн материалдар келип түшкөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, тергөө Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан.

Мындан тышкары, Исаковго Тарых музейинин капиталдык ремонту боюнча иш козголуп, өлкө казынасына 101 миллион сомдук зыян келтирген деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0