Бомба изделип жаткан "Манас" аэропортунда каттамдар токтотулган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность международного аэропорта "Манас"
Деятельность международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы каттам "Манастан" саат 17.05те учуп кетет.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бомба изделип жаткан "Манас" аэропортунда каттамдар токтотулган жок. Бул туурасында Эл аралык "Манас" аба майданынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бомбардировщик упал на ферму в США — момент крушения попал на видео - Sputnik Кыргызстан
Бомба ташуучу учактын ферманын үстүнө кулаган учуру видеого тартылып калган
Жакынкы каттам "Манастан" саат 17.05те учуп кетет.

Аба майданга бомба коюлганы тууралуу коркутуу Кыргызстандагы авиакомпаниялардын электрондук почтасына 14.41де келген. Катта аны жардыруу үчүн таймер колдонулаары айтылган. Кабардан кийин имараттын ичиндеги элди коопсуз жайга чыгара баштаган

Окуя болгон жерге ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери чыгып кетти. Учурда шектүү буюмду издөө иштери улантылууда.

Коопсуздук кызматы коркутуу каты чет өлкөдөн жазылгандыгын айтты. 

 "Манас" аэропортунда учурда жагдай кандай экендигин Sputnik Кыргызстандын тексттик тез алып берүүсүнөн окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0