УКМК: Кыргызстанда теракт уюштурам деген киши кармалды

Жазылуу
Шектүү аз убакыттын ичинде эле террордук уюмдун активдүү согушкерлеринин бирине айланганы айтылат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында террордук жана башка акцияларды уюштурууну көздөгөн 42 жаштагы Х.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, колго түшкөн киши 2014-жылы жасалма паспорт менен Түркияга барган. Андан ары Сирияга учуп, ал жактан террордук уюмдардын катарына кошулуу менен өлкө бийлигине каршы согуштук аркеттерге катышкан.

"Х.Т. аз убакыттын ичинде эле террордук уюмдун активдүү согушкерлеринин бирине айланып, кийин Түркияга кайтып келген. Ал жактан адамдарды Сирияга жөнөтүүчү канал түзүүгө жоопкер болгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүгү боюнча ("Жалдануу") иш козголду. Шектүү УКМКнын тергөө абагында.

Жаңылыктар түрмөгү
0