Москвада кыргызстандык короо шыпыргычты сабады деп жетекчиси кармалды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСнег в Москве
Снег в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жилищник" мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматкери иш учурунда жаракат алганын айткан.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык жигит таяк жегенин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 25-январь күнү Москва шаарындагы Пирогов атындагы №1 шаардык клиникалык ооруканага бети менен башынан оор жаракат алган Кыргызстандын жараны түшкөнү тууралуу маалымат келген. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1998-жылы туулган А.Х. аттуу жараны экени белгилүү болгон.

"25-январь күнү болжол менен саат 17:00дөр чамасында коммуналдык чарбанын жумушчусу иш берүүчү тарабынан сабалган, бирок №1 шаардык клиникалык ооруканага түшкөндө алган жаракаты "өндүрүштөн алынган" деп көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу жогорудагы факты криминалдык жаракат катары катталбай, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Конфликт учителя физкультуры и рабочего в селе Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта айыл мектебин оңдоп жаткан уста сабалды. Доочу мугалимге кине коюуда
Окуяны териштирүүдөн соң жабырлануучунун арызын аймактар боюнча каттоо үчүн №1 шаардык клиникалык ооруканадан тактама алынган.

КР ИИМдин өкүлчүлүгү Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Арбат району боюнча бөлүмү менен биргеликте көрүлгөн тиешелүү чаралардын натыйжасында шектүү катары "Жилищник" мамлекеттик бюджеттик мекеме башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, 1980-жылы туулган Г.Н. аттуу жаран кармалган. Учурда ага Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту ("Саламаттыкка атайылап залал келтирүү") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0