Токмокто супермаркетке аты менен кирип кеткен киши айыпка жыгылды

© Sputnik / Владимир АстапковичНовогодняя иллюминация в Москве
Новогодняя иллюминация в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган киши супермаркетке аты менен кирген учурда мас абалда болгонун жана кылган ишине өкүнүп жатканын билдирген.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Токмоктогу супермаркетке аты менен кирип кеткен кишинин ким экенин аныктады. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Новости столицы (@bishkeknews)

Буга чейин социалдык тармакка супермаркетке атчан кишинин кирип кеткен видеосу тараган

Глухая девочка впервые услышала звуки — трогательное видео - Sputnik Кыргызстан
Дүлөй кыздын биринчи жолу үн уккандагы реакциясы. Жүрөк элжиреткен видео
Эреже бузган киши Токмок шаарынын 30 жаштагы О.Н. аттуу тургуну экени маалым болду. Ал милиция кызматкерлерине супермаркетке аты менен кирген учурда мас абалда болгонун жана кылган ишине өкүнүп жатканын билдирген.

Аталган факт тартип бузуунун бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ошондой эле мыйзам бузган кишиге "Эреже бузуулар жөнүндөгү" кодекстин 81-беренеси (коомдук жайда мас абалда жүрүү) боюнча протокол түзүлүп, 5500 сом айып салынды.

Милиция кызматкерлери мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн жаран менен профилактикалык баарлашуу жүргүздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0