Баткенде жер титиреди

Жазылуу
Жер түшкө маал силкинген.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Асанходжаев: жакынкы күндөрү аба ырайы бузулат
Маалыматка ылайык, жер 29-январь күнү саат 12.16лар чамасында силкинген.

Жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Жер айылында 3 баллга, Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0