Ошто унаа бакты сүзүп, чачырап кетти. Кырсыктын сүрөттөрү

© Sputnik / Зульфия ТургуноваДТП в селе Каратай
ДТП в селе Каратай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

ОШ, 29-янв. – Sputnik. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы жол кырсыктан эки адам каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Ага ылайык, окуя кечээ, 27-январь күнү, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 18-чакырымында катталган. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваДТП в селе Каратай
Ошто унаа бакты сүзүп, чачырап кетти. Кырсыктын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
ДТП в селе Каратай

Алай районунун 28 жаштагы тургуну Ш. уулу А. аттуу адамдын башкаруусундагы ВАЗ-2107 унаасы чыгыштан батышка карай бара жаткан. Айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги даракты сүзүп токтогон. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваДТП в селе Каратай
Ошто унаа бакты сүзүп, чачырап кетти. Кырсыктын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
ДТП в селе Каратай

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана унаадагы 29 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдардын экөө тең Алай районунун тургундары экени аныкталды.

Учурда Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0