Өзбекстандан Кыргызстанга 3,5 млн. доллар алып келе жаткандар кармалды

© AFP / BAY ISMOYO АКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев чет элдик валюта колдонууга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик менен 3,5 миллион доллар алып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Акча каражатын мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жарандарды өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы колго түшүрдү.

Фергана — Жогорку Вуадиль трассасы менен бара жаткан Daewoo Nexia унаасы токтотулуп, андан Абулхай М. деген жүргүнчүгө таандык 736 миң доллар табылган. Ээсинин айтымына караганда, ал акчаны Кыргызстанда жашаган Азиз Ходжа деген таанышына алып бара жаткан.

"Укук коргоо органдары автоунаанын Алижон аттуу айдоочусунун үйүн дагы тинтүүгө алып, ал жерден Абулхайга тиешелүү акчалар табылып, жалпысынан каражаттын көлөмү 1,7 миллион долларды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Случаи стрельбы в КР - Sputnik Кыргызстан
Токмокто чек ара бекетинин жанында контрабандачылар атыша кетти
Коопсуздук кызматы ушул эле иштин изи менен барып, дагы 1,7 миллион доллар таап алышты. Ал Фергана районунда жашаган Абдурахман аттуу кыргыз жаранынын автокөлүгүнө катылган.

Ошентип мыйзам бузуучулардан жалпысынан 3,5 миллион долларга жакын акча алынып, кылмыш иши козголду. Учурда каражаттын чыныгы кожоюну изделип жатат.

Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев чет элдик валюта колдонууга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон. Аны бузгандар 15 суткадан тарта 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0