ЧЧКга түшүп кеткен 4 жашар кыздын сөөгү табылды

Жазылуу
Кырсык 27-январь күнү болгон.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кетип табылбай жаткан 4 жаштагы кыздын сөөгүн туугандары өздөрү алып чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык жекшемби күнү болгон. Издөө иштери дароо башталган. Бирок натыйжа чыкпай, бүгүн да улантылган.

Сөөк табылганы тууралуу куткаруучуларга кабар берилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0