Мас болуп унаа сүзгөн милиционердин учурдагы абалы жана тек-жайы айтылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканада жаткан милиционер өзүнө келген, жакын арада палатага которулат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Мас абалында унаа башкарып баратып кырсыктаган милиционер ички иштер органдарында төрт жылдан ашык убакыттан бери иштейт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Билдирмеге караганда, инспектордун аты-жөнү Мажитов Эльхан Мирланович, 1993-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган.

"Мажитов ички иштер органдарында 2014-жылдан бери иштечү. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын кенже лейтенант чини менен аяктаган. Андан соң "Атайын даярдыктагы полк" кызматына орношкон. Өткөн жылдын август айында Октябрь райондук ИИБине аймактык тескөөчү болуп дайындалган. Үй-бүлө кура элек", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта милиционер Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунда жатат. Башкы дарыгер Алмазбек Кубатбековдун айтымында, Мажитов оор абалда келип түшкөн.

"Милиционер ооруканага көк боору жарылып келген. Аны алып таштадык. Кабыргалары жана жамбаш сөөктөрү сынган. Ал өзүнө келип, кан басымы бир калыпка түштү. Бүгүн же эртең травматология бөлүмүнө которобуз. Жакын арада жамбаш сөөгүнө операция жасалмакчы", — деди башкы дарыгер.

Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: милиционер өзү мас болуп жүрсө, аларга кантип унаа беребиз
Эскерте кетсек, Бишкекте 21-январда түнкү саат 00:35тер чамаларында Mercedes-Benz менен Toyota Avensis кагышкан. Биринчи унаадагы айдоочу Октябрь РИИБинин 27 жаштагы аймактык тескөөчүсү болуп чыккан. Кырсык кесепетинен экинчи унаадагы 34 жаштагы келин ошол жерден көз жумса, жаракат алган инспектор ооруканага жеткирилген. Каргашага күбө болгон кишилер милиционер мас балында болгонун жана каршы тилкеге чыгып Toyota Avensis менен кагышканын айткан

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Рахматов мерт болгон келин аталган ведомстводо кызматкер экенин кабарлаган. Ал ӨКМде 2010-жылдан бери тарбиялык иштер бөлүмүндө капитан болуп иштеген

Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Сталбек Рахманов экспертизанын алдын ала жыйынтыгына таянып жол кырсыгын милиционер шарттаганын жана анын мас абалда болгонун тастыктады

Жаңылыктар түрмөгү
0