БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ушул жылдын 12-январында үйдөн чыккан бойдон кайтып келбеген 41 жаштагы Мухабаев Казыхан Арипханович изделип жатат. Бул тууралуу Аламүдүн райондук милициясы билдирди.
© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской областиРозыск без вести пропавшего 41-летнего Казыхана Мухабаева
Розыск без вести пропавшего 41-летнего Казыхана Мухабаева
© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской области
Дайынсыз кеткен адам Төмөнкү Ала-Арча жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жашайт.
Өзгөчө белгилери: бою 145-150 сантиметр, арык чырай, чачтарын бир аз ак аралаган. Экинчи топтогу майып, жакшы сүйлөй албайт.
Үйдөн чыккан күнү үстүнө кара түстөгү куртка, капталдарында сызыгы бар спорттук шым, күңүрт көк түстөгү кофта кийип жүргөн.
Милиция бул адам тууралуу көрүп-билгендер болсо, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлоону өтүнөт. Байланыш телефондору: 0 (312) 36-35-27, 0 (312)36-35-23, 0 (550) 51-09-05, 0 (704) 31-25-05, 0 (550) 34-33-63 же 102 кызматы.