21:13 16 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.5663
  • EUR78.2308
  • RUB1.1075
Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн дубалын жүк ташыган унаа сүзүп ичине чейин кирип кетти

Нарында фура турак жайды сүзүп ичине кирип кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (159)
47000

Кырсык кечээ, 19-январда, саат 23.30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн дубалын жүк ташыган унаа сүзүп, ичине чейин кирип кетти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Кырсык 19-январда саат 23.30дар чамасында болгон. Анын кесепетинен айдоочу жаракат алган.

"Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, буту кыпчылып калган айдоочуну чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Андан башка жаракат алгандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Фура сүзгөн тараптагы бөлмөнүн ичинде адамдар болгон эмес.

Кырсыктын сүрөттөрүн Facebook баракчасын жүктөгөн Мирлан Кадыров айдоочу эки суткадан бери уктабаганын жазган. Ошондой эле кырсык болгон жерге автоцинспекторлор келбегенин билдирди.

Ал эми Нарын шаардык милициясы Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя болгон жерге ыкчам топ барганын кабарлады.

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (159)

Тема боюнча

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда КамАЗ оодарылып кетти. Сүрөт
Түн, кагышкан автоунаалар, жардамга чуркаган кишилер. Балыкчыдан алынган видео
Белгилер:
фура, жүк ташуучулар, кырсык, турак-жай, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ