Иранда кыйраган учак боюнча кыргыз өкмөтү үн катты

© AFP / HASAN SHIRVANI / MIZAN NEWSБишкектен чыгып Тегеранда кулаган учак
Бишкектен чыгып Тегеранда кулаган учак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учакка Бишкектен май куюлган эмес. Boeing 707 учагын "Манас" аэропортунан "Манас хендлинг" компаниясы тейлеген.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча Boeing 707 учагы Бишкекке Таиланддан бош учуп келип, койдун этин жүктөп алып кайта учуп кеткен. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Ал эми Жарандык авиациянын маалымдашынча, Boeing 707 учагы Ирандын аскер аба күчтөрүнө таандык болгон. 13-январда "Манас" аэропортуна пландалгандан бир сааттай кечигип конгон. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35те конушу керек болсо, аэропортко 23:10до конгон. 14-январда эртең менен 45 мүнөттөй кечигип учкан. План боюнча саат 06:30 деп белгиленсе, аба кемеси 07:16да учуп кеткен.

"Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонуу жана "Манас" аэропортуна конуу уруксаты 2019-жылдын 12-январында берилген", — деп айтылат маалыматта.

Учакка Бишкектен май куюлган эмес. Boeing 707 учагын "Манас" аэропортунан "Манас хендлинг" компаниясы тейлеген. Самолеттун 16 экипажынын бирөө аял болгону айтылды.

Бишкектен чыгып Ирандын Тегеран шаарына жакын жерге кулап, күйүп кеткен учак - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсеси калбаптыр! Бишкектен чыгып Тегеранда кулаган учактын видеосу
Press TV телеканалынын маалыматы боюнча учактын ичинде 16 киши болгон. Кырсык кесепетинен самолеттун инженери гана аман калды. Ал эми Fars агенттиги учак кулаган аймактын жашоочуларынын тагдыры азырынча белгисиз экенин жазды.

Бүгүн саат 7.16да Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегерандан алыс эмес Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конмок. Бирок учкуч адашып ошол эле шаардагы "Фатх" аба майданына конмок болгон. Рулга ээ боло албай, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен да, эл жашаган аймакка кирип кеткен. Ушу тапта окуя болгон жерде бир тик учкуч, 10 өрт өчүрүүчү машина, бир тез жардам унаасы иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0