Сапар Исаков февралдын ортосуна чейин камакта калтырылды

© Sputnik / Нурис АлымбаевДопрос Сапара Исакова в ГКНБ
Допрос Сапара Исакова в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык соттун жыйыны жабык эшик артында өткөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 13-февралга чейин абакта калтырды.

Анын жактоочусу Нурбек Токтакунов Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн узартууга каршы болбогонун айтты. Анткени 50 томго жеткен кылмыш иши менен таанышып чыгуу керек болгон.

"Тергөө аракеттеринин бардыгы аткарылгандан кийин Сапар Исаковду камакта кармоого негиз жок. Андыктан мен аны бошотууну сурандым. Бирок Биринчи Май райондук соту аны 13-февралга чейин камакта калтырган. Бүгүн Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды", — деди ал.

Визит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР - Sputnik Кыргызстан
Шаардык сот Райым Матраимовду кызматына кайтарды
Ал сот отуруму жабык түрдө болгонун кошумчалап, бирок ишти жабык эшик артында кароого эч кандай негиз жок болгонун билдирди.

Исаков Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Ал 2013-жылы КР президентинин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланганы айтылууда.

Жакында эле УКМК Мамлекеттик тарых музейинин оңдолушундагы алешемдиктерге мурдагы премьер Сапар Исаковдун тиешеси бар экени айтылып, айып тагылганын маалымдады. Анын айынан мамлекетке 101 миллион сом зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0