Кой-Ташта уланды койдурган бойдон качып кетти делген айдоочу кармалды

CC BY-SA 2.0 / Mark Ou / _1080425Уголовное ответственность на нарушение ПДД
Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы ушул жылдын 4-январында болгон.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Аламүдүн райондук милициясынын издөө бөлүмү Кой-Таш айылында жаш жигитти унаа менен койдуруп кетти деп шектелген 25 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кой-Ташта уланды коюп кетип из жашырган жолтандабас видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Кой-Ташта уланды коюп кетип из жашырган жолтандабас видеого түшүп калган
Буга чейин аталган айылда жолтандабас 19 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткени кабарланган. Окуя көзөмөл камерасына түшүп калган. Ал эми дарыгерлер жабырлануучунун тизе сөөгү сынганын айтышты.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында, Mitsubishi Pajero унаасынын айдмалды. Аоочусу карвтонун мамлекеттик номери күбөлөр айткан номер менен дал келүүдө. Чогулган материалдар Аламүдүн райондук милициясына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0