ЖМК: Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кулап түштү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча учак Бишкектен чыгып Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конмок. Бирок катачылыктан улам ошол эле шаардагы "Фатх" аэропортуна конгон.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Тегеранга жакын жерге кулап түшкөн жүк ташуучу Boeing 707 учагы Бишкектен учуп чыкканын РИА Новости агенттиги жазды.

Алдын ала маалымат боюнча учак Бишкектен чыгып Тегерандын жанындагы Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конмок. Бирок катачылыктан улам ошол эле шаардагы "Фатх" аэропортуна конгон.

​Ишенимдүү булактын маалымдашынча, учкуч жерге конуп жатканда учакты башкара албай, ал учуп-конуу тилкесинен чыгып, киши жашаган аймакка кирип кеткен.

​Тегеранга жакын жерде кулап түшкөн учак ирандык авиакомпанияга таандык болгонун жана Бишкектен чартердик каттам аткарганын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. Учак Бишкектен 14-январь күнү саат 7.16да учуп чыккан.

Жергиликтүү ЖМКлар кулап түшкөн самолеттун учкучтары аман-эсен экенин жазууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0