Россияда эл ташып бараткан баткендик айдоочу кырсыктап, 16 адам жабыркады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаран оор жаракат алгандыктан кошумча нейрохирург, хирург, анестезиолог чакыртылган.

БИШКЕК, 13-янв. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11-январында Владивостокто 48 жаштагы кыргызстандык Д.И. аттуу автобустун айдоочусу жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, автобус менен Toyota үлгүсүндөгү унаа кагышып кеткен. 

“Кыргызстандык жаран Баткен облусунун Кара-Булак айылынын тургуну экени аныкталды. Ал кырсыктан оор жаракат алгандыктан кошумча нейрохирург, хирург, анестезиолог чакыртылган. Бүгүн, 13-янарда ага операция жасалып, дарыгерлер анын колун сактап калды. Абалы оор, бирок туруктуу. Элчиликтин өкүлдөрү бейтаптын жакындары менен жолукту”, — деп айтылат маалыматта. 

Кырсыктан жалпы 16 адам жабыркаган. Арасында эки бала бар. Бүгүнкү күндө ооруканада 6 адам жатат, калгандары үйлөрүнө жиберилди. 

Бишкекте эл ташыган маршрутка жол кырсыгына кабылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эл ташыган маршрутка жол кырсыгына кабылды. Видео
Приморский крайдын Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, жол кырсыкка 23 жаштагы Toyota үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөлүү. Ал туннелден чыкканда рулду башкара албай калып, автобусту сүзүп кеткен. Ал административдик жоопкерчиликке тартылды. 

“Элчилик айдоочунун үй-бүлөсү жана дарыгерлер менен тыгыз байланышта”, — дешти элчиликтен. 

Жабыркаган кыргыз жараны реанимация бөлүмүндө болгондуктан дарыгерлер азырынча ага эч кимди киргизе элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0