Караколдо турист сабалып, бычак жедиби? Жабырлануучу менен милициянын эки ача баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жаран жубайы экөөнү Караколдо белгисиз адамдар сабаганын билдирди. Бирок буга шектелген жергиликтүү тургун мас болгон турист аялын кызганып ага кол көтөргөнүн айтууда.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Караколдо жүргөн туристтердин үй-бүлөсүн белгисиз адамдар сабап кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жабырлануучу Алексей Волков билдирди.

Белгилей кетсек, жабырлануучунун версиясы менен Ысык-Көл ОИИБдин расмий маалыматы эки башка чыгып жатат.

Турист Алексей Волковдун айтканы

Мен 30, жубайым 29 жашта. Россиянын жараныбыз, 4-январда Караколго Новосибирскиден келгенбиз. Кыргызстанда биринчи жолу эс алып жатабыз.

Весенний призыв новобранцев в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Аскерлердин Майлуу-Суудагы чатагы. Бири экинчисин жарадар кылды
Келинчегим экөөбүз досубуздун үч кабаттуу үйүндө жашадык. 6-январда болжол менен саат 23.00дө дүкөнгө кирип кайра чыгып баратканда арттан келген эки белгисиз киши жаткыра чаап, тепкилей баштады.

Анан үйгө качып кирип, эшикти бекиткенге үлгүрбөй калдык. Бизге кол салган кишилер артыбыздан калбай батирибизге да кирип ур-тепкиге алды. Башка катуу чапканда эс-учбузду жоготуп жыгылдык. Алар өзү менен кошо көп ичимдик алып келишкен экен, анткени кийин үйдүн ичинен аябай көп бөтөлкө көрдүк.

Бир нече убакыттан кийин жубайым экөөбүз өзүбүзгө келип карасак, батирде 20-25 жаштагы бир жигит ашканада жүрүптүр. Үйдүн ичи чачылган, кийимдерибиз ыргытылган. Анан ал бизге бычак такап "мууздап салам" деп кыйкырды, шилтеген бычагы көкүрөгүмө тийип, жүрөк менен өпкөнүн ортосуна уруптур. Ошол учурда келинчегим кандайдыр бир катуу нерсени колуна алууга жетишип аны чапканда өзүн жоготуп жыгылды. Андан соң аны сыртка сүйрөп чыгып эшикти ичинен кулпулап алдык. Ал эсине келгенден кийин да эшикти каккылап, коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айтып жатты. 

© Фото / Александр ВолковПострадавший Алексей Волков
Пострадавший Алексей Волков - Sputnik Кыргызстан
Пострадавший Алексей Волков

Үйдө кымбат баалуу гаджеттер жана акча болгонуна карабай кол салгандар эч нерсе алышпаптыр.

Укук коргоо органдарын чакырсак, аларды дароо эле табышты. Милиция шектүүлөрдөн акча өндүрүп, арызды артка кайтарып алууну кыйытып айтууда. Болбосо тергөө жана сот бүткөнгө чейин Кыргызстанда эки айга чейин калуу керек экен.

Бул жакта калууга мүмкүнчүлүк бар, бирок каалоо болбой жатат. Мээбиз чайкалгандыктан тоого чыга албайбыз. Үйдөн чыкпай эле отурабыз.

Облустук милициянын маалымат кызматынын версиясы

I Европейские игры. Стендовая стрельба. Микст. Трап - Sputnik Кыргызстан
Адам өмүрүн алган ок. Чаткалдагы кандуу окуянын жаңы жагдайлары айтылды
Новосибирскиден келген 30 жаштагы киши ага жергиликтүү тургун кол салып, бычак урганын айтууда. Буга шектелип кармалган 22 жаштагы жигит туристтер менен дүкөндөн таанышканын, андан соң алар аны өздөрү үйүнө чакырганын билдирди. Чогуу отуруп спирт ичимдиктерин ичишкен. Күйөөсү уктап калгандан кийин жубайы экөө сүйлөшүп калышкан. Бир нече убакыттан кийин күйөөсү ойгонуп, аялын кызганып жергиликтүү тургунга атырылып, кол көтөргөн. Ал коргонуу үчүн колуна бычак алып аны көздөй уруп жиберген.

Учурда кармалган шектүү сыртка чыкпоого милдеттендирилип бошотулду. Соттук-медициналык экспертиза кылмыштын канчалык оор деңгээлде экенин аныктайт. Андан соң сот жергиликтүү тургундун баш коргоо чарасын тандамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0