Ошто өз баласын сабап өлтүргөн ата беш жылга соттолду. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Шектүү териштирүү учурунда эч кимге доосу жок экендигин укук коргоо кызматкерлерине айткан.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өз баласын сабап өлтүргөн ата беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун чечими чыкты.

Тергөө материалдарындагы маалыматка ылайык, 2017-жылы соттолуучу 12 жаштагы уулун үйгө кеч келип жана мектепте начар окуугандыгы үчүн катуу урган. Үйгө камалган өспүрүм бала түн ортосунда каза болгон.

Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Молдомуса Конгантиевдин баласын сабап кетишти. Шектүүнүн бирөө ооруканада
Териштирүү маалында үй ээси маркум уулу өзү эле өлүп калгандыгын, эч кимге доосу жок экендигин укук коргоо кызматкерлерине айтып, сөөктү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүүгө макул болбой тургандыгын билдирип, кылмышты жашырууга аракет кылган. Андан сырткары, ал милиция кызматкерлерине "балам мектепте сабалган" деп көрсөтмө берип, тергөөнү адаштырмай болгон. Бирок мектептеги видео көзөмөлдөөчү камерага андай окуя түшкөн эмес.

Сот отурумунда 46 жаштагы айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, ошол күнү баласы үйгө кеч, бети-башы көгала болуп келгенин айтып берген. Атанын баяндап бергени боюнча уулунан эмне болду деп сураганда ал дене тарбия сабагында жыгылып кеттим деген жооп узаткан. Ошондон кийин эркек өспүрүмдү бир жолу чаап, бир жолу тепкен.

Ал эми соттук-медициналык экспертиза баланын майда кан тамырлары жарылып, денесинин айрым бөлүктөрүнө кан уюп, бөйрөктүн фильтрациялоо функциясынын бузулганын аныктаган.

Аталган кылмыш ишинин негизинде чыккан соттук чечимге ылайык, эми баланын атасы беш жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0