Адам өмүрүн алган ок. Чаткалдагы кандуу окуянын жаңы жагдайлары айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүI Европейские игры. Стендовая стрельба. Микст. Трап
I Европейские игры. Стендовая стрельба. Микст. Трап - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 10-январга караган түнү болгон.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Чаткалдын Терек-Сай айылында бир кишинин атылып өлгөнү боюнча окуянын чоо-жайын Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков айтып берди.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган аймакта жүк ташуучу менен жеңил унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү урушуп, октон 30 жаштагы кишинин каза тапканы маалымдалган

Турдубековдун айтымында, окуя 10-январга караган түнү болгон. Анда Бишкектин Алтын-Ордо конушунун К.У. аттуу тургуну төрт шериги болуп Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен "Чаарат" алтын компаниясына Жалал-Абаддан экскаватор жүктөп бара жатышкан.

"Чаткалдын Терек-Сай айылынын Бузук тилкесинде аларды BMW үлгүсүндөгү жеңил унаада келе жаткан 25 жаштагы Э. уулу А. айылдашы экөө токтотуп, кайда бара жатканын сураган да кое берип жиберишкен. Андан ары бара жатып жеңил унаа карга тыгылып жолду тосуп калган. Ошол маалда артынан жете келген жүк ташуучу унаанын ичинде отурган үч адам чыгып, жеңил машинадагылардан "эмне кайра жолду тосуп алдыңар" деп сурашкан. Тыгылып калганын айткан жигиттер менен ортодо уруш чыгып, BMW ээси унаадан мыйзамсыз алып жүргөн аңчылык куралын чыгарып, жерге аткан. Огу түгөндү деген ой менен берки тараптагылардын бири мылтыкты талаша баштайт. Ошондо ок чыгаруучу бөлүгү анын бөйрөк тушуна такалат да мылтык аткан киши машаны басып алат. Талашкан кишинин жарадар болгонун көрүп, жеңил унаадагылар качып кеткен", — деди Турдубеков.

Тойдогу аялдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Баткенде тойдо каза болду делген аялдын өлүмүнүн чоо-жайы
Маалымат катчынын билдиргени боюнча жаракат алган 30 жаштагы киши ооруканага жетпей көз жумган.

Аталган факты боюнча Чаткал РИИБи кылмышка шектүүлөрдү кармап, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Турдубековдун айтымында, ок чыгарган бала 2018-жылдын апрелинде бейбашчылык беренеси боюнча бир жылга шарттуу эркинен ажыратылган болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0