Бишкекте кудуктан адамдын сөөгү табылды

Жазылуу
Окуя 9-январда болгон.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Геология кыска көчөсүндөгү жылуулук түтүгү өткөн кудуктан европа тегиндеги эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 9-январда болгон. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн кудуктан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0