Бишкектеги жол кырсыктан кишилер жабыркады. Фото

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция жана тез жардам кызматы. Архив
Милиция жана тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, тез жардам унаасы менен микроавтобус кагышкан.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкектеги айдоочулардын WhatsApp тайпасына күбө Жибек Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгонун жазды. Анын айтымында, тез жардам унаасы менен микроавтобус кагышкан.

Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун ырастап, ал тууралуу билдирүү саат 19:10до келип түшкөнүн ырастады. Аталган кырсыктан эки киши жаракат алып, бирөөнүн буту сынып Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген.

Милиция кайсы автоунаалар жол кырсыгына кабылганы кийинчерек маалымдаларын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0