Агенттиктен 2 млн. сом уурдаткан аткаминер кайра директор болду. Видео

© Sputnik / Эмиль СадыровДиректор Госагентства автомобильного и водного транспорта Анарбек Бекмуратов
Директор Госагентства автомобильного и водного транспорта Анарбек Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинен (Автотранспорт агенттиги) 2015-жылы 1 миллион 856 миң сом уурдалып, кылмыш иши козголгон. Буга жол берди делген директор Анарбек Бекмуратов менен бухгалтериянын кызматкерлери жумуштан бошотулган.

Фонд коммерческих компаний Греции - Sputnik Кыргызстан
2018-жылы иштен ызы-чуу менен айдалгандар. Премьер-министрден милиционерге дейре
Андан соң Автотранспорт агенттигин Деңиз Сулайманов 2016-жылдын аягына чейин жетектесе, ал кеткенден кийин Эмил Таштаналиев 9 ай директор болгон. 2017-жылдын сентябрь айында Анарбек Бекмуратов бул кызматка кайрадан дайындалган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жоголгон эки миллион сомдой акчанын дайынын жана айып тагылган жетекчилер кызматына кантип кайтып жатканын билүүгө аракет кылды.

Агенттиктин директору Бекмуратов мынча акчанын жоголушуна бир гана материалдык бухгалтер күнөөлүү экенин айтууда.

"Материалдык бухгалтер Асел Канжебаева жеке өзү кызматкерлердин айлыгынан кымырып алган. Муну эч ким байкаган эмес. Кээде менин кол тамгамды жасалмалап, кээде үстүнө башка документти көрсөтүп, астына өзүнүн кагазын коюп кол койдуруп жүрүптүр. Иш сотко өтүп, Канжебаева алты жылга шарттуу эркинен ажыратылып, 300 миң сом айып пул төлөдү. Өзүнө ыйгарып алган каражатты да мамлекетке кайтарды", — деди Бекмуратов.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Бекмуратовго карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен токтотулган экен.

Ал эми ошол кездеги транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев аны "Автовокзал начар иштейт" деген шылтоо менен эле кызматтан алып койгонун айтууда. Экинчи ирет бул кызматка дайындалганда анын талапкерлигин өкмөткө кийинки министр Жамшитбек Калилов сунуштаганын билдирди.

Эми Бекмуратов жоголгон акчанын айынан кызматтан кетирилген башкы бухгалтер Жумагүл Сайбекованы жумушка алып жатат. Ал мурда Жогорку сотко чейин даттанып кызматын кайтара алган эмес. Бирок "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтар жөнүндөгү" мыйзамдын 44-беренесинин 5-бөлүгүнө таянып, агенттиктин жетектөөчү адис кызматы үчүн конкурска катышып утуп чыкты. Эми директор кол койсо эле ишке киришет.

Бекмуратов Сайбекова дагы жалган жалаа менен кызматтан кеткен деп аны жактап, күнөөнүн баарын мурунку жетекчилерге оодарууда.

"Аргынбек Малабаев министр болгондо айланасына өзүнүн адамдарын чогулта баштады. Мени кетирип, өзүнүн жездеси Деңиз Сулаймановду койгон. Кандай жездеси экенин билбейм, бирок Малабаев менен анын аялы бир айылдан болот. Ал эми Сулайманов өзүнүн компаниясында иштеген бухгалтерди алып келүү үчүн Сайбекованы кызматтан алган", — деди Бекмуратов.

Ал эми экс-министр Малабаев жогоруда айтылган кептин баарын төгүнгө чыгарып, кассадагы каражаттын уурдалышына директордун да, башкы бухгалтердин да тиешеси болгонун айтты.

"Автовокзал, маршруткалар, дегеле Кыргызстан боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөө тармагы аябай түшүп кетти. Лицензиянын бүт бардыгы Бекмуратовдун колунда болчу. Муну жөнгө салууга убакыт берсем эптей албады. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Финполдон келип текшергене эки миллион сомдой акча жоголгону аныкталды. Башкы бухгалтер экөө жок адамдарга айлык төлөй беришкен. Экөөнү тең кызматтан кетирип, кылмыш ишин козготком. Акчаны кайтарып берди дегени менен уурдаганы факт болуп жатпайбы?! Бекмуратовду бул кызматка кайра жолотпош керек эле. Карышкырга кой кайтарткандай болуп жатабыз", — деди Малабаев.

Автобекеттеги чууга карабай транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры - Sputnik Кыргызстан
Автобекеттен куулуп транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры
Ошондой эле ал Деңиз Сулайманов менен тууганчылыгы жоктугун, болгону анын жубайы менен айылдаш экенин белгиледи.

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги өлкө ичинде жүргүнчү ташыган каттамдарды жана эл аралык каттамга жүк ташыган унааларды жана салмак-тыш өлчөмдөрүн, башкача айтканда, таразаны көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0