Чычкан ашуусунда эки унаа кагышып, төрт киши жабыркады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Тыва
Регионы России. Республика Тыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Бишкек — Ош жолунун 248-чакырымында 8-январь күнү болжол менен саат 20.30дарда болгон.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Токтогул районундагы Чычкан ашуусунда Nissan X-TRAIL жана Audi A6 автолору кагышып, кесепетинен төрт киши жабыркаганын Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Кырсык Бишкек — Ош жолунун 248-чакырымында 8-январь күнү болжол менен саат 20.30дарда болгон.

"Nissan X-TRAIL унаасы тайгаланып, бир нече ирет айланып, каршы тилкеде келе жаткан машинаны сүзгөн. Төрт кишинин мээси чайкалган", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандардын баары райондук ооруканага жеткирилген, бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Эки авто тең атайын короого токтотулуп, бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0