19:27 16 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8499
  • EUR79.7791
  • RUB1.0463
Тойдогу аялдар. Архивдик сүрөт

Баткенде тойдо каза болду делген аялдын өлүмүнүн чоо-жайы

© Sputnik / Александр Кряжев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
4166 0 0

Видеодон колуна калпак кармаган эки аял ортого чыгып, отургучтарды тегеренип бийлеп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Социалдык тармакта кафедеги тойго келген аял тамада уюштурган оюнга катышып жаткан жеринен жыгылып каза болду делген видео тарады. Окуя Баткендин Исфана шаарында болгонун жазышууда.

Курчоо. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Видеодон колуна калпак кармаган эки аял ортого чыгып, отургучтарды тегеренип бийлеп жатканын көрүүгө болот. 30 секунддай бийлегенден кийин бири экинчи аялдын башына калпакты кийгизген. Андан кийин ал өзүнөн-өзү жыгылып эл чуру-чуу түшө баштаган.

Аталган маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен облустук милициянын маалымат кызматы тастыктап, бирок кырсык Сүлүктүдө болгонун билдирди.

"Окуя өткөн жылдын 28-декабрында Сүлүктү шаарындагы кафелердин биринде болгон. Ал жерде той өтүп жаткан, саат 20.30дар чамасында өзүн жоготкон аялды ооруканага алып барышкан. Тилекке каршы, ал ошол күнү эле көз жумган. Мурда ооруп жүрчү экен, тойдо кан басымы көтөрүлүп кетиптир", — деп билдиришти милициядан.

Каза болгон аял Исфана шаарынын 51 жаштагы тургуну экенин айтышты. Бул факт боюнча милицияга арыз түшкөн эмес.

Тема боюнча

Тоңдо кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы киши набыт болду
Ош: эки кыздын өлүмү боюнча аткаминерлер ордунан козголду. Мэриядагы жыйын
Белгилер:
аял, той, өлүм, Баткен облусу, Исфана
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ