Абакка киргизилген баңгизат. Жалал-Абадда депутат кармалды

© AFP / Marcel Kusch / POOLСудебное разбирательство в Дортмунде
Судебное разбирательство в Дортмунде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арал айылдык кеңешинин 43 жаштагы депутаты абакта жаза өтөп жаткан тууганы менен жолугушуу үчүн кирип бара жатып, текшерүү маалында кармалган.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы №10 Жаза аткаруу мекемесине баңгизат алып кирип бара жаткан жергиликтүү депутат кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Арал айылдык кеңешинин 43 жаштагы депутаты абакта жаза өтөп жаткан тууганы менен жолугушуу үчүн кирип бара жатып, текшерүү маалында кармалган.

"Мекеменин кызматкерлери аны текшерүүгө алганда, кийип жүргөн кийиминен кургатылган анаша табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү") менен кылмыш иши козголду.

Шектелүүчү үй камагына алынып, тергөө аракеттери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0