Ошто 45 жаштагы аял бычакталып, шектүү катары күйөө баласы кармалды

Жазылуу
Аялдын колдоруна, санына жана чекесине бычак тийген.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кара-Суу районунда күйөө баласы кайненесине бир нече жолу бычак сайды. Бул маалыматты Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя 3-январь күнү болгону айтылууда.

"Кара-Суу милициясына колдоруна, санына бачак сайылган 45 жаштагы аял ооруканага жеткирилгендиги боюнча маалымат түшкөн. Бычактын мизи жабырлануучунун чекесине дагы тийген. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Маалыматка караганда, аялдын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз эле өзү көтөрө келген бычак менен бир нече жолу сайган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары 22 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну кармалып, КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренесинин ("Ээнбаштык") негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0