Бишкекте түкүрдү делген аялдын чуусу. Окуя чындыгында кандай болгон

Жазылуу
Аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, күйөөсү өрт чыгып кетиши мүмкүн жайда тамеки чеккендиги үчүн эскертүү берилип жаткан маалда түшүнбөстүктөр болгону айтылат.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкекте жерге түкүрдү делген аял менен милиция кызматкерлеринин жакалашып жаткан видеосунда маалымат бурмаланган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 6-январь күнү социалдык тармактарда Бишкекте жерге түкүрдү деген аял менен милиция кызматкерлеринин жакалашып жаткан видеосу тараган

"Окуя Ош облусунда болгон. Анда аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, күйөөсү өрт чыгып кетиши мүмкүн жайда тамеки чеккендиги үчүн эскертүү берилип жаткан маалда түшүнбөстүктөр болгон. Жарандын достору видеого тартып туура эмес маалымат таркатышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Тыюу салынган жайда чылым чеккен жаранга милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тиешелүү документке кол коюп берген соң үйүнө жиберилди.

Тамеки чегүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамеки чегүүгө болбой турган жерлер. Мыйзамдагы урунттуу учурлар
Мындан улам укук коргоо органдары өз милдетин аткарып жаткан милиция кызматкерлерине тоскоолдук жаратып, жагдайга баа бербей эле дароо видеого тартып, туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта күчүнө кирген Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстен жана 2006-жылы кабыл алынган "КР жарандарынын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү" мыйзамындагы (акыркы жолу 2017-жылы редакцияланган) маанилүү нерселер топтолду. Ага ылайык, чылым чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси дагы жарыяланган

Жаңылыктар түрмөгү
0