Бишкекте жерге түкүрдү деген аял менен милиционерлер жакалаша кетти. Видео

Жазылуу
Социалдык тармактарда милиция кызматкерлери менен жакалашып жаткан аялдын видеосу тарады.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте жерге түкүрдү деген аял менен милиция кызматкерлеринин жакалашып жаткан видеосу тарады. Окуя кайда, качан болгону тууралуу так маалымат жок.

Видеодо эки милиция кызматкери аялды жакадан кармап, ары алып барууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда аялды милиционерлердин колунан бир эркек киши арачалап алууга аракет кылып жатканы да тартылып калган. Бери жакта турган бир аялдын "Кечирим сурадык го, бул милициялардын үстүнөн арызданабыз" деп айтып жатканы угулат. Андан сырткары, кадр сыртында эркек кишинин "Кечирип койбойсуңарбы, эскертүү бергиле да" деп сүйлөнүп жатканын угууга болот.

Ички иштер органдары бул окуя боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө карата 5500 сом айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0