Бишкекте троллейбус менен автобустун айдоочусу мушташкан окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Троллейбустун айдоочусу иликтөө иштери аяктаганча иштен четтетилди.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова троллейбус менен автобус айдоочусу мушташа кеткен окуяга комментарий берди.

Чыр-чатак 5-январь күнү саат 16:20лар чамасында Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөнүн айтымында, автобус түптүз эле троллейбус менен аялдаманын ортосуна кирип кетип, натыйжада айдоочулар мушташкан

Алмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына чыр-чатактын келип чыгуу себебин айтып берди.

"Бул эки айдоочу бир маршрут менен жүргөндүктөн бири-бири менен атаандашкан. Автобустун айдоочусу ачууланып троллейбусту бир нече ирет сүзүп, авариялык абалды жараткан. Учурда ал иликтөө иштери аяктаганча деп иштен четтетилди. Троллейбус айдоочусу болсо күнөөсүз экенин айтууда", — деди мэрдин кеңешчиси.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аталган фактыны ЖКККБнын жүргүнчүлөр транспорту боюнча бөлүмү териштирип жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0