Келинине кол салган кайнага сөрөй. Декабрдагы чуулуу окуялар

Жазылуу
Жубайын мыкаачылык менен өлтүргөн күйөө, келинин зордуктоого аракет кылган кайнага жана кызын чынжыр менен байлап тарбиялаган ата...

Өтүп кеткен 2018-жылдын соңку айы соттор үчүн оор айлардан болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги декабрь айындагы чуулгандуу 8 соттук чечимди сунуштайт.

Келинине кол салган кайнага

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда ок атылып, 36 жаштагы киши жабыркады. Чоо-жайы
Түндө мас келип, инисинин келинчегине тийишип кол салган кишини сот беш жылга эркинен ажыратты. Кайнагасына каршылык көрсөткөн келиндин чуусунан үйдөгүлөрдүн баары ойгонуп, окуя тууралуу билишет. Өзүн актоого аракет кылган эркек инисине аялынын тамеки чегип, арак ичип көчөлөп жүргөндүгүн айткан. Үйдөн кетип калган келин кийин укук коргоо органдарына жолдошунун агасы аны зордуктоого аракет кылганын айтып кайрылган. Мындай чуулуу окуялардан соң жубайлар ажырашып кеткен.

10 жаштагы кызды чынжырлаган атасы…

Бутунан чынжыр менен байланып жазаланган кызы атасынан тушалган боюнча качып кетет. Ал бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган. Ал эми экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албай жүргѳн жеринен милиция кызматкерлери таап алышкан. Сот отурумунда 10 жаштагы окуучу интернатта жашаганды жактырып, атасын жаман көрө тургандыгын билдирген. Сот балдарды тарбиялоодо өзгөчө ыкма колдонгон атаны үч айга түзөтүү жумуштарына жөнөттү.

Мыкаачы күйөө

Один день из жизни участкового - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атада ылжыган мас киши аялын атып алды
Ажырашып кетип кайра жарашкан жубайлар чогуу түтүн булата баштайт. Бирок үй ээси көнгөн адатына салып, арагын баштап, акча сурай берип аялын тажатат. Бир күнү тыйын бербей койгон кош бойлуу келинчегин сабап, өлгөнүн билгенден кийин зер буюмдарын, акчасын, уюлдук телефонун алат да, сөөктү үйдүн артына чыгарып салган. Соттолуучу эми өмүрүнүн ондогон жылын темир тор артында өткөрөт.

Энесин сабаган күйөө бала

Аялы менен тил табыша албай өзүнчө жашап жүргөн 33 жаштагы киши интернеттен келинчеги менен бейтааныш жигиттин сүрөтүн көрүп калат. Мас болуп алып кайын журтуна келген күйөө бала алгач аялы менен урушуп, ортого түшө калган кайненесин жерге жыгылгандан кийин сабап салган. Кызганычтын айынан келинчегинин энесине кол көтөргөн адам бир жылга шартуу кесилди.

Мыкаачы погончондор

Убийство семьи в селе Кок-Ой Жумгальского района Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен өлтүргөн шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
Үч милиция кызматкери уурулукка шектелгендерди бир нече саат кыйнап, кылмышты мойнуна алдырып келген. Жабырлануучунун бирөөсүнүн айтымында, алар колго газета ороп, анын үстүнөн кишен тагып, башына желим баштык кийгизип жерге жаткырып кыйнашчу. Эгер адам каршылык көрсөтсө, пакеттин ичине нашатырь спиртин куюп, суу куюлган желим бөтөлкө менен сабап келишкен. Сот милиционерлерди күнөөлүү деп таап, ар бирин жабырлануучуга 2,2 миллион сомдон төлөмөр кылды.

Балдарга кол көтөргөн кошуна

Энеси уулу менен кызын сууга жөнөтөт. Үйгө ыйлап келген балдар кошуна байке кол көтөрүп, тепкенин айтышкан. Кичинекейлердин бирөөсү жыгылып башы жарылган. Дарыгерлер баланын баш мээси чайкалган деп бүтүм чыгарып беришкен. Айыпталуучу сотко ал күнү ичип алгандыгын, балдар суу аккан жерди муз кылып жатканын көрүп, бирөөсүн ийнинен эле көтөрүп койгондугун айтып күнөөсүн мойнуна алган эмес. Эми ал 21 миң сом төлөмөй болду.

Энесин сабаган "уул"

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыдагы прокурордун жардамчылары менен милициянын мушташы. Иликтөө башталды
38 жаштагы эргул үйгө мас келип, улгайган энесинен тил угат. Ачуу сөз жанына баткан уулу энесин кайыктын калагы менен сабаган. Канжалаган кемпирди шок абалында кошуналары тапкан. Сот отурумунда шектүү кылганын мойнуна алып, жасаганына өкүнүп жаткандыгын айткан. Эми ал энесине 5000 сом айып пул төлөйт.

Бычакташкан ага-ини

Кырсык болгон күнү бир тууган ага-ини жана 79 жаштагы энеси үчөө Жеңиш майрамын белгилөө үчүн чогулган. Эркектер арак ичип отуруп уруша кетишкен. Айтышуу мушташка айланып, бирөөсү экинчисин төшкө эки жолу бычак менен сайып жиберген. Сотто жабырлануучу бир тууганын жазалабоону суранып, ал апасын бага турган жалгыз бала экендигин билдирген. Шектүү эркинен шарттуу ажыратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0