Магнитогорскиде таанылган 22 сөөктүн үчөө балдардыкы болуп чыкты

© Sputnik / Илья Московец / Медиабанкка өтүүСитуация в Магнитогорске в связи с обрушением подъезда жилого дома
Ситуация в Магнитогорске в связи с обрушением подъезда жилого дома - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр төрт киши дайынсыз болууда. Кырсыктын кесепетинен көз жумгандардын саны 37 адамга жеткени кабарланды.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Челябинск облусунда жайгашкан Магнитогорск шаарындагы ураган үйдүн алдынан алып чыккан сөөктүн 22син туугандары тааныды. Алардын үчөө балдар экендигин РИА Новости жазды.

"22 өлүктүн ким экендиги таанылды, анын ичинен үчөө балдар", — деп айткан Челябинск облусунун ӨКМинин өкүлү.

Ал бейшемби күнү иш кайра уланарын, имараттын уроо кооптуулугу сакталып турганын кошумчалаган.

Учурда төрт киши дайынсыз болууда. Ал эми кырсыктын кесепетинен көз жумгандардын саны 37 адамга жеткени кабарланды.

Спасатели извлекли живого ребенка из-под обломков дома в Магнитогорске - Sputnik Кыргызстан
Магнитогорскиде уранды алдынан табылган наристенин абалы айтылды
Эске салсак, 31-декабрда Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшүп, 26 батир талкаланган.

2-январь Челябинск обулусунда аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Кырсыктагы көптөрдүн көңүлүн бурган дагы бир окуя — уранды алдында калган наристенин 1,5 суткадан кийин аман-эсен куткарылышы болду.

Магнитогорск шаарындагы 31-декабрда болгон кырсык боюнча Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык" беренеси боюнча иш козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0