Ош: эки кыздын өлүмү боюнча аткаминерлер ордунан козголду. Мэриядагы жыйын

Жазылуу
1-январда кырсык болгон үйдө мурда да, 2018-жылдын апрель айынын соңунда өрт чыгып, адам өмүрүнө зыян келген.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы мейманканадагы кыздардын өлүмүнө байланыштуу мэрияда өткөн жыйында аймактык милиция бөлүмүндөгү кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталганы айтылды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык милициянын жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жыйын өткөргөнү айтылган.

"Ар бир сойкукана делген жерлерди катуу текшерүүгө алгыла. Рейддер тынымсыз болсун. Мыйзамга каршы келсе, ойлонбой жаап салгыла. Мыйзам толук иштеш керек", — деген мэрдин сөзүн келтирген Абсаттаров.

Ал эми Ош шаардык милициясынын жетекчиси Мурат Боронов милиция бөлүмүндөгү кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталганын айткан.

"Акыркы мезгилде сойкукана эмес, мейманкана катары иштеп турган. Ошентсе да аймактык милиция бөлүмүндөгү кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды",— деген Боронов.

Эске салсак, 1-январь күнү Ош шаарындагы Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдө жайгашкан "Жетиген" мейманканасынын жер төлөсүндө өрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыз каза болгон

Оштогу өрт чыгып эки кыз каза болгон жайдын ичинен көрүнүшү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ош: өрт чыгып эки кыз каза болгон жайдын ичинен көрүнүшү. Видео
Милициянын айтымына караганда, Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдүн жер тѳлѳсүндѳгү бул мейманкананын администраторлоруна карата ѳткѳн 2018-жылдын аралыгында эле "Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу" беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, жаптырылган эле. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат кѳрсѳтүп жаткан.

Буга чейин да ушул жайда кырсыктуу окуя болгон. 2018-жылдын 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында ушул эле үйдөн өрт чыккан. Тилсиз жоонун 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлеринде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын экөө терезеден кулап кеткен. Алардын бири эркек киши, экинчиси 25-30 жаштагы аял экени белгилүү болгон. Кийин аял алган жараатынан каза тапкан

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы окуя болгон күндүн эртеси, 2-декабрда, окуя болгон жайга барып, ал жерди видеого түшүрүп, үйдүн жашоочуларынын бири менен сүйлөшүп кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0