Магнитогорскидеги жоготуу азасын тең бөлүшөбүз. Жээнбеков Путинге көңүл айтты

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүВзрыв бытового газа в жилом доме в Магнитогорске
Взрыв бытового газа в жилом доме в Магнитогорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков кыргыз эли каза болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Магнитогорскиде газ жарылып, анын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россиянын лидери Владимир Путинге көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Магнитогорскиде газ жарылып, турак үйдүн подъезди урап, адамдар каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 04.00дө көп кабаттуу үйдүн подъезди урап калган. Уранды алдында 40ка жакын адам болушу мүмкүндүгү болжолдонуп жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдөн газ жарылган

Жаңылыктар түрмөгү
0