Магнитогорскиде үйдүн подъезди урап 4 адам каза тапты, дагы 40 киши изделүүдө

© Пресс-служба ГУ МЧС России по Челябинской области / Медиабанкка өтүүВзрыв бытового газа в жилом доме в Магнитогорске
Взрыв бытового газа в жилом доме в Магнитогорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге Россиянын президенти Владимир Путин дагы барды.

БИШКЕК, 31-дек. – Sputnik. Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү таңкы саат 04.00дө (Москва убактысы) көп кабаттуу үйдүн подъезди урап калды. Учурда урандынын алдында 40ка жакын адам болушу мүмкүндүгү болжолдонуп жатат. Издөө иштери уланууда. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдөн газ жарылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев РИА Новости агенттигине билдиргенине караганда, учурда төрт адамдын сөөгү табылды. Ошондой эле жаракат алган беш адам куткарылып, 40ка жакын киши уранды алдында болушу мүмкүндүгү болжонуп жатат. 

“Жарылуунун кесепеттерин жоюу үчүн толук кандуу иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат. Анткени көп кабаттуу үй толугу менен урап калышы мүмкүн. Анткен менен иш алып барууга каражат дагы, күч дагы жетиштүү”, — деди Зиничев. 

Окуя болгон жерге Россиянын президенти Владимир Путин дагы барып, үйдүн урап калган бөлүгүн карап чыкты. Ага толук маалыматты аймактын губернатору Борис Дубровский айтып берди. 

Командно-штабные учения на стадионе Казань-Арена - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта үйдөн өрт чыгып, 91 жаштагы абышка көз жумду
Мамлекет башчысы кырсыкка байланыштуу жыйын курду. Ага ӨКМдин жетекчиси Евгений Зиничев, саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова жана Челябинск облусунун башчысы катышты. 

Путин кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү тапшырды. 

Дубровскийдин айтымында, 24 батирге 50 адам катталган. Уранды алдында калгандарды табуу үчүн Москвадан куткаруучулар, кинологдор иттери менен, психологдор менен психиатрлар келип иштеп жатат. 

Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Баса, жарылуу учуру видеого дагы түшүп калган.

Аталган факты боюнча Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0