Боом капчыгайында автоунаа аласалды

Жазылуу
Жол кырсыгы Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 131-чакырымында катталган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Боом капчыгайында жол кырсыгы болгонун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына билдирди.

Анын айтымында, окуя 31-декабрда болгон.

"Жолдон өтүп баратып, капталынан турган жеңил автоунааны көрдүк. Терезеси бырчаланып кетиптир", — деди күбө.

ДТП на автодороге Бишкек — Кордай - Sputnik Кыргызстан
Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк... Үрөй учурган жол кырсыктары
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 131-чакырымында катталган. Honda CRV үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Окуянын чоо-жайы такталууда, милиция жеринде иштеп жатат.

Милиция айдоочуларды жол эрежесин сактап, машиналардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0