06:14 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Жол кайгуул кызматкеринин унаасы. Архивдик сүрөт

Бишкекте айдоочунун артынан сая түштү делген инспекторлорго иш козголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (382)
476 0 0

Жабыркаган тарап инспекторлор 24 жаштагы жигиттин артынан сая түшүп кубалаганы үчүн ал жол кырсыгына кабылып каза тапканын айтышууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандык жарандын туугандары айыптап жаткан үч инспекторго карата кылмыш ишин козгоду.

Каргашалуу окуя 8-декабрга караган түнү саат 01.50лөр чамасында болгон. 24 жаштагы жигит Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кырсыктаган. Кадрдан инспекторлордун автосуна окшош унаа Mercedes машинасын кууп бараткандай көрүнүштү көрүүгө болот. Катуу ылдамдык менен бараткан Mercedes жол тандабасты сүзгөндөн кийин кайгуулчулардын унаасы делген авто жол чырактын кызыл түсүнө карабастан токтобой кетип калган

 

Жабыркаган тарап Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үч кызматкерин окуяга айыптаган. Ал эми инспекторлор болсо унаанын артынан куубаганын билдиришкен.

Кийин маркумдун туугандары Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышкан. Редакция видео материалды жарыялагандан бир сутка өткөндөн кийин прокуратура кылмыш ишин козгоду.

"Октябрь райондук прокуратурасы текшерүү жүргүздү. Жыйынтыгында сиздердин жүйө далилденди", — деп прокуратуранын жабыркаган тарапка багытталган документинде айтылат.

Иш 121-берененин 2-бөлүгү ("Оор кесепеттерге алып келген коркунуч абалда калтыруу") жана 316-берененин 2-бөлүгү ("Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык") боюнча козголуп, Бишкек шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек ШИИББинин коопсуздук кызматы аталган факты боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп, материалдарды Октябрь райондук прокуратурасына жөнөткөнүн кабарлады. Маалымат кызматы жол кырсыгы боюнча толугураак маалымат берген жок.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (382)

Тема боюнча

Аламүдүндө Volkswagen Golf бакты сүзүп, ичиндеги аял мертинди
Бишкектик автоинспекторлор артынан сая түшүп, айдоочу каза таптыбы? Кырсыктын видеосу
Белгилер:
прокуратура, инспектор, жол кырсык, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ