Ысык-Атада ылжыган мас киши аялын атып алды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОдин день из жизни участкового
Один день из жизни участкового - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ысык-Атада ылжыган мас киши ок чыгарганда аялына тийген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

25-декабрь күнү саат 23.25тер чамасында Ысык-Ата РИИБине аймактык ооруканага төшүнө ок жеген 34 жаштагы аял түшкөнү кабарланган.

Оперативдүү издөө иш-чараларынын натыйжасында жабыркаган аялдын 35 жаштагы жолдошу кармалган.

"Алдын ала маалымат боюнча окуя болгон күнү жабырлануучунун күйөөсү үйүндө достору менен ичимдик ичип отурган. Ал ылжып мас болуп калганда ок чыгарган. Ал ок аялына тийген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголду.

Колго түшкөн А.В. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0