Тоңдо кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы киши набыт болду

© Sputnik / Андрей Максимов / Медиабанкка өтүүКайык. Архив
Кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя кечээ, 26-декабрда, болжол менен саат 15:56ларда болгон.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы Үч-Чуңкур тилкесиндеги көлдө кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы киши сууга чөгүп каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 26-декабрда, болжол менен саат 15:56ларда болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар кишинин сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0