Таласта Honda СRV менен Нива кагышып, бир киши көз жумду

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАвтоунаа. Архив
Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 26-декабрь күнү саат 19:16да Кызыл-Адыр айылында болгон.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунда эки унаа кагышып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 26-декабрь күнү саат 19:16да Кызыл-Адыр айылында болгон.

Анда Honda СRV менен Нива үлгүсүндөгү унаа кагышканы, каза болгон адам 50 жаштагы эркек киши экени айтылат. Андан башка дагы эки адам жабыркаган.

"Кырсык болгон жерге ӨКМ кызматкерлери тартылып, унаада кыпчылып каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгып, милицияга өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми жабыркагандарды Тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0