Сокулукта үйдөн өрт чыгып, 91 жаштагы абышка көз жумду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКомандно-штабные учения на стадионе "Казань-Арена"
Командно-штабные учения на стадионе Казань-Арена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүү кызматына чакыруу 25-декабрь күнү саат 9.56да түшкөн.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Өрт өчүрүү кызматына чакыруу 25-декабрь күнү саат 9.56да түшкөн. Жерине барган өрт өчүрүүчүлөр үйдүн ичи күйүп жаткан маалда өчүрүүгө жетишти. Анткен менен эмеректер күйүп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрт учурунда иске ууланган 91 жаштагы жаран көз жумган. Куткаруучулар анын сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0