Элчилик Петербургда бетон плитанын алдында калган КР жараны тууралуу

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жүк-200дү жөнөтүү үчүн элчилик менен диаспора өкүлдөрү тийиштүү аракеттерди көрүп жатат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Санкт-Петербургда кыргызстандык жарандын каза болгонун тастыктады.

Билдирмеге караганда, маркум болгону 28 жашта болгон.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мигрант энеси курбусуна таштап кеткен 2 жашар наристе чарчап калды
Учурда жүк-200дү жөнөтүү үчүн элчилик менен диаспора өкүлдөрү тийиштүү аракеттерди көрүп жатат.

Буга чейин Санкт-Петербургда 21-декабрь күнү жергиликтүү убакыт менен саат 22.30дар чамасында 8-кабаттан кулаган бетон плитасы үч кишини басып калганы айтылган. Алардын бири 23 жаштагы тажик жараны дароо көз жумса, экинчиси ооруканага жеткирилген. Үчүнчү куруучунун сөөгү эртеси күнү плитанын сыныктарын жыйнагандан кийин табылган. Ал кыргызстандык жаран экени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0