Атбашылык тургун мал базардан 234 миң сом жоготту. Тапкандарга чоң сүйүнчү бар

Жазылуу
Жергиликтүү тургун бүгүн, 23-декабрда, эртең менен базарга мал сатып алуу үчүн барган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районундагы мал базардан Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жеткинбек Дөөлөтов 234 миң сом акчасын жоготуп алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине акчасын жоготкон кишинин иниси Бекболот Асеков билдирди. 

Анын айтымында, агасы бүгүн, 23-декабрда, эртең менен базарга мал сатып алуу үчүн барган. 

"Акча чакан кара түстөгү сумкага салынган болчу. Бирөө уурдап кетти деп айта албайм, агам сумкасын бир жерге эле түшүрүп койду окшойт. Акча бүгүн эртең менен саат 10.00дөр чамасында жоголду. Эгер таап алган киши кайтарып берсе, сүйүнчүсүнө 34 миң сом беребиз", — деп кайрылат  Асеков. 

Ошондой эле ал ынсаптуу бирөөнүн колуна тийсе кайтарып берээр деген ниет менен азырынча социалдык тармактар аркылуу гана издеп, милицияга арыз жазбаганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0