13:12 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Архивдик сүрөт

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгынан ажыратылды

© Sputnik / Тимур Батыршин
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Казакстанда кармалган ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу (32)
116310

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Казакстанда соттолууда.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулуна таандык делген казак паспорту жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди.

Башкы прокуратуранын эл аралык укук боюнча кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматовдун айтымында, мурдагы эл өкүлү учурда Кыргызстандын жараны.

"Казакстандагы норма боюнча эгер кармалган жаранда башка мамлекеттин жарандыгы бар болсо, ал автоматтык түрдө Казакстандын жарандыгынан ажыратылат. Асылбек уулу Кыргызстандын жараны катары соттолуп жатат жана ал мекенине өткөрүлүп берилиши мүмкүн", — деди ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган

Тема:
Казакстанда кармалган ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу (32)

Тема боюнча

Алматыда экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту болду. Сүрөт
Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун иши сотко өттү
Казакстанда кармалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу камакта калды
Белгилер:
депутат, Башкы прокуратура, Дамирбек Асылбек уулу, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ